Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Жапаров: УКМК менен ИИМдин мурдагы жетекчилери изделүүдө


УКМКнын жана ИИМдин мурдагы жетекчилери Орозбек Опумбаев, Кашкар Жунушалиев.
УКМКнын жана ИИМдин мурдагы жетекчилери Орозбек Опумбаев, Кашкар Жунушалиев.

Баткенде эл менен жолугушуу учурунда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 5-октябрдагы тополоңдо каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулу жөнүндө суроого жооп берип жатып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) мурдагы жетекчилери изделип жатканын билдирди:

«Үмүтбек унутта калбайт, түбөлүк эсибизде калат. Ким жоопкер болсо аларды жоопко тартабыз. Бүгүнкү күндө УКМКнын жана ИИМдин мурдагы башчылары изделип жатат. Кимдер буйрук берген? Милиция менен элдин ортосунда кагылышуу болуп кеткенине күнөөлүүлөр жазага тартылат».

Учурда Садыр Жапаров Баткен облусунда иш сапары менен жүрөт.

5-октябрь түнү Ала-Тоо аянтындагы митингден кийинки башаламандыкта 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу кулак тундуруучу жардыргыч жарылганда катуу жараат алып каза болгон. Маркум Баткендеги өзү туулган айылында жерге берилген.

Ошол кездеги премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган министрлер кабинетинин отставкасын парламент депутаттары "Достук" отелиндеги 6-октябрдагы жыйынында кабыл алган.

9-октябрда ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Орозбек Опумбаевди УКМКнын төрагасынын кызматынан бошоткон.

Бийликтин күч менен алмашуусуна чейин жеткен 5-6-октябрдагы баш аламандыктан бери ИИМдин жана УКМКнын мурдагы жетекчилери Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевдин кайда экени белгисиз. (TSh)

XS
SM
MD
LG