Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Финполиция: Кытайга 180 млн. доллар мыйзамсыз акча ташыган адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Чүй облусунун аймагында ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, атайын схема менен товар үчүн төлөм деген мыйзамсыз 180 миллион доллар акча каражатын Кытайга алып бараткан факт аныкталганын кабарлады.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, бул кылмыштуу топтун салыктан качкан мыйзамсыз аракети өлкө казынасына бир миллиард сомдон ашык зыян келтирген. Бул фактыга шектүү катары 29-октябрда Бишкек шаарынын бир тургуну кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал 30-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө абагына камакка алынды.

Учурда Финполиция мыйзамсыз акча ташыган схемага байланыштуу башка жарандарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG