Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Францияда чиркөө кызматкерине кол салууга шектелген киши кармалды


Франция, Лион, кырсык болгон жерден тартылган сүрөт. 31-октябрь, 2020-жыл.
Франция, Лион, кырсык болгон жерден тартылган сүрөт. 31-октябрь, 2020-жыл.

Франциянын Лион шаарындагы православдык грек чиркөөсүнүн жанындагы ок атууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Лиондун прокурору Николя Жаке 31-октябрдын кечинде журналисттерге кабарлады.

Анын айтымында, кол салуунун күбөлөрү сүрөттөгөн адамга түспөлдөш болгон адам камакка алынды. Прокурор белгилегендей, кармоо учурунда анын жанында курал болгон эмес.

31-октябрда түштөн кийин белгисиз адам чиркөө кызматкерине ок чыгарган. Эки ок тийген чиркөө кызматкери оор абалда ооруканага жеткирилген. Кол салган адам окуя болгон жерден качып кеткен.

Лион шаарынын прокуратурасы адам өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча кылмыш ишин козгогон. «Эл аралык француз радиосу» кабарлагандай, окуяны иликтөөгө Терроризмге каршы прокуратура аралаша элек.

Бейшемби күнү Франциянын Ницца шаарында бычак менен куралданган киши чиркөөдө адамдарга кол салган. Анын жыйынтыгында үч адам каза болду. Кол салуу учурунда ал «Аллах акбар!» деп кыйкырган деген маалыматтар тарап жатат. Бул кылмыш теракт катары териштириле баштады жана шаардагы бардык чиркөөлөр жабылды.

Мындан эки саат өтпөй өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Авиньон шаарында бычакчан адам полицияга кол салган. Аны коопсуздук кызматкерлери атып салышканы кабарланды.

Ниццадагы окуя Парижде мектеп мугалими Самюэл Пати ырайымсыздык менен өлтүрүлгөндөн эки жума өтпөй болуп жатат. Андан бир нече күн мурда мугалим сабакта сөз эркиндиги тууралуу кеп кылып, класстагы окуучуларга «Charlie Hebdo» журналы баскан Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөнү себеп болгону айтылган. Бул үчүн 18 жаштагы чечен улутундагы жигит кармалган.

Бул ырайымсыз кылмыш франциялыктардын үрөйүн учуруп, диний терроризм боюнча талкууларды баштаган. Француз президенти Эммануэл Макрон бул окуяларды «исламчыл террорчул чабуул» деп мүнөздөгөн.

Кол салуулардан кийин Францияда террордук коркунучтун жогорку деңгээли жарыяланып, коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG