Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

COVID-19: Дагы үч адам каза болду, 484 бейтап жаңы катталды


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 484 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен үч адам каза болду. Бул тууралуу 31-октябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Маалыматка караганда, көз жумган бейтаптын үчөө тең Баткен облусунун тургундары.

Жаңы учурлардын көбү Бишкек шаарына (123) жана Жалал-Абад облусуна (110) туура келет. Ош шаарында жана калган облустарда беш-ондон, айрымдарында 50-60тан катталды.

31-октябрга карата соңку бир күндүн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 461 адамды түздү.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 58 878 кишиге жукту. Анын 49 983 айыкканы айтылды.

Вирустан 1 145 адам кайтыш болду.

Учурда 3413 бейтап стационарда, 3767 киши үй шартында дарыланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG