Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

Жалал-Абадда Франциянын президентинин көз карашына каршы пикет болду


Жалал-Абаддагы акция.
Жалал-Абаддагы акция.

Жалал-Абад шаарында Франциядагы журналда ислам динине байланыштуу шакаба сүрөткө жана президент Эммануэл Макрондун мусулмандарга карата көз карашына нааразы болгондор пикетке чыгышты.

Барпы театрынын алдында бир топ киши чогулуп, динди шылдың кылган жооп бериши керек экенин билдирип, тарап кетти. Чогулгандар «Ислам динин жакшы көрөм»​ деген баракчаларды кармап турушту.

Ушул эле күнү Ош шаарында Франциянын президентинин бетине буттун изи түшүрүлгөн сүрөттөрдү белгисиз адамдар жолдордогу жөө жүргүнчүлөр өтчү жерлерге жабыштырып кетишкен.

16-октябрда Париждин жака-белинде тарых жана география мугалими Самюэл Пати өлтүрүлгөн. Француз бийлиги аны Абдулла аттуу 18 жаштагы чечен качкын өлтүргөнүн билдирген. Андан бир нече күн мурда мугалим сабакта сөз эркиндиги тууралуу кеп кылып, класстагы окуучуларга «Charlie Hebdo» журналы тарткан Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн.

26-октябрда Франциянын президенти Эммануэл Макрон өлкө дүйнөбий мамлекеттин баалуулуктарын коргоону жана радикал исламга каршы күрөштү уланта бере турганын билдирген.

Макрондун чакырыгы түрк өкмөтүн камтама кылып, мусулмандарга каршы күрөш катары мүнөздөлгөн. Ушундан улам эки өлкөнүн дипломатиялык алака-каташы чыңалып турат.

Франциянын президентине мусулман коомчулугунун айрым катмарынын нааразы маанайы күч алып турган учурда Ницца шаарында 29-октябрда бычак менен куралданган белгисиз адам чиркөөнүн жанында үч адамды өлтүрдү. (TB\SE)

XS
SM
MD
LG