Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:30

Улуттук банк жыл башынан бери сатыкка 345 млн. доллар чыгарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы 29-октябрда кезектеги валюталык интервенция жүргүздү. Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка караганда, жалпысынан 42 миллион 400 миң доллар сатыкка коюлду.

Ошентип, октябрь айында эки жолу, ал эми жыл башынан бери 15 жолу интервенция жүргүзүлүп, сатыкка жалпысынан 345 миллион доллардай акча чыгарылды. Бул аракет улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашууда.

Соңку бир айдан бери 79 сомдун тегерегинде болуп турган доллар 16-октябрда дээрлик 82 сомго жеткен. Улуттук банк сомдун долларга карата бүгүнкү, 30-октябрдагы расмий курсун 81,80 сом деп аныктады.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG