Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:42

Францияда террордук коркунучтун жогорку деңгээли жарыяланды


Франциянын президенти Эммануэл Макрон Ниццада. 29-октябрь, 2020-жыл.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Ниццада. 29-октябрь, 2020-жыл.

Францияда Ницца менен Авиньондогу кол салуудан соң террордук коркунучтун жогорку деңгээли жарыяланды. Бул тууралуу француз премьер-министри Жан Кастекс кабарлады. Өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылыш үчүн полиция жана армия мобилизацияланды. 30-октябрда Франциянын Коргоо боюнча кеңешинин жыйыны өтөт.

Кастекс акыркы окуяларды «Франция бул жолу коркок, жапайы кол салуу менен бетме-бет келди» деп сыпаттады.

Бейшемби күнү Ниццада бычак менен куралданган киши чиркөөдө адамдарга кол салган. Анын жыйынтыгында үч адам каза болду.

Кол салуу учурунда «Аллах акбар!» деп кыйкырган деген маалыматтар тарап жатат. Бул кылмыш теракт катары териштириле баштады жана шаардагы бардык чиркөөлөр жабылды.

Мындан эки саат өтпөй өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Авиньон шаарында бычакчан адам полицияга кол салган. Аны коопсуздук кызматкерлери атып салышканы кабарланды.

Ошондой эле Сауд Арабиясындагы Жидда шаарында Франциянын консулдугунун кароолчусуна кол салган жергиликтүү жаран кармалды.

Кандуу окуядан соң президент Эммануэл Макрон Ниццага келди. Ал өлкө кезектеги жолу «ислам чабуулуна» туш болгонун билдирди. Президент жети миңге жакын аскер коопсуздукту сактоого тартылганын кабарлады.

Ниццадагы окуя Парижде мектеп мугалими Самюэл Пати ырайымсыздык менен өлтүрүлгөндөн эки жума өтпөй болуп жатат. Андан бир нече күн мурда мугалим сабакта сөз эркиндиги тууралуу кеп кылып, класстагы окуучуларга «Charlie Hebdo» журналы баскан Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөнү себеп болгону айтылган. Бул үчүн 18 жаштагы чечен улутундагы жигит кармалган.

Бул ырайымсыз кылмыш франциялыктардын үрөйүн учуруп, диний терроризм боюнча талкууларды баштаган.

XS
SM
MD
LG