Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Түрк президенти «Charlie Hebdo» журналын сотко берди


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган шакаба чеккен карикатурасы үчүн франциялык «Charlie Hebdo» журналын сотко берди. Бул тууралуу «Анадолу» агенттиги жазып чыкты.

Бир күн мурун Эрдогандын шакаба сүрөтү «Charlie Hebdo» журналынын соңку чыгарылышынын башка бетине жарыяланган. Анда түрк президентин ич кийимчен отургузуп, хижаб кийип, стакан көтөргөн аялдын этегин ачып жатканын тартышкан.

Президенттин басма сөз өкүлү Фахреддин Алтун муну «маданий расизмди жана жек көрүүнү козутуу боюнча жийиркеничтүү аракет» деп атады. Вице-президент Фуат Актай «Твиттердеги» баракчасына «силер сөз эркиндигине жамынып алып, эч кимди алдай албайсыңар» деп жазды жана дүйнө коомчулугун «мындай абийирсиз ишти» айыптоого чакырды.

Түркиядагы NTV телеканалы өлкөнүн Башкы прокуратурасы Эрдогандын шакаба сүрөттөрүнөн улам кылмыш ишин козгонун маалымдады.

Француз өкмөтүнүн өкүлү Габриел Атталь 28-октябрда басма сөз жыйынында Түркиянын опузасы суу кечпей турганын айткан. Буга чейин француз президенти Эммануэл Макрон анын өлкөсү карикатуралардан баш тартпай турганын бир канча жолу билдирген болчу.

Расмий Париж менен Анкаранын алака-катышы француз президенти Эммануэл Макрон ашынган исламчыларга каршы күрөш жарыяланарын билдиргенден кийин курчуп кеткен. Анын мындай билдирүүсүн түрк президенти Эрдогон кескин сындап чыккан.

Соңку тирешке ушул айдын ортосунда Париждин четиндеги мектептин мугалими Самюэл Патинин өлтүрүлүшү негиз болгон. Анын алдында Пати сабак өтүп жатканда сөз эркиндиги боюнча сөз кылып, окуучуларга Мухаммед пайгамбардын шакаба сүрөтүн көрсөткөн. Чечен улутундагы 18 жаштагы жигит аны мыкаачылык менен өлтүргөн.

XS
SM
MD
LG