Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Садыр Жапаров: Коррупцияны конституциялык реформадан кийин жойбосок, азыр жоюу татаал болуп жатат


Садыр Жапаров, премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу.
Садыр Жапаров, премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу.

Коррупцияга каршы күрөш өтө татаал болуп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн ушу тапта өтүп жаткан жыйынында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, жемкорлукту жоюуга шарт түзүш үчүн Баш мыйзамды өзгөртүү зарыл болуп жатат.

«Коррупция менен күрөшүү өтө татаал болуп жатат, - деди Жапаров. - Чырмалышып калган экен. Муну конституциялык реформа жасап, башкаруу системасына өзгөртүү киргизгенден кийин гана жоё албасак, азыр жоюу өтө татаал экен. Бирок, колдон келген аракетибизди кылып жатабыз. Бүт дүйнө пайда тапкан бажыдан бизге эмнеге киреше кирбейт? Жол курууга ири насыялар алынган, эмнеге жолдорубуз жаман? Дүйнөдө наркобарондор бар, а бизде энергобарондор болуп жатат».

Жапаров өкмөт мүчөлөрүнөн көйгөйлөрдү жоюу боюнча сунуштарды күтөрүн айтып, бюджеттин абалы жана макроэкономикалык көрсөткүчтөр начар болуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, бюджеттеги тартыштык 35,6 миллиард сом болуп жатат. Ал эми ички дүң өнүм былтыркы жылга салыштырганда 6% төмөндөп кетти. Айыл чарбасынан башка сектордун бардыгында көрсөткүчтөр начар экени белгиленди.

Садыр Жапаров өкмөттү 6-октябрдагы бийлик алмашуудан кийин жетектеп келе жатат.

Буга чейин Кыргызстан бюджеттин тартыштыгына байланыштуу маселени чечүүгө, коронавирус эпидемиясынын кесепеттерин жоюуга жана президенттик, парламенттик шайлоолорду өткөрүүгө эл аралык уюмдардан жана өнөктөш өлкөлөрдөн жардам сурап жатканы расмий айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG