Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:31

Филаделфияда жапырт нааразылык акциялары уланды (видео)


АКШнын Филаделфия шаары. 27-октябрь, 2020-жыл.
АКШнын Филаделфия шаары. 27-октябрь, 2020-жыл.

АКШнын Филаделфия шаарында массалык нааразылык акциясы шаршембиге караган түнү да уланды.

Акциялар 26-октябрда полиция ынды кара Уолтер Уоллес аттуу жигитти атып салгандан кийин башталган. Тартип коргоочулар ал бычак менен куралданып аларды көздөй баскандан кийин ок атышканын билдиришкен.

Шейшембинин кечинде албууттанган топ дүкөндөрдү талап-тоноого киришти. Жергиликтүү полиция жардамга Улуттук гвардиянын аскерлерин чакырууга аргасыз болду. Айрым маалымат каражаттары демонстранттар өздөрүн өтө агрессивдүү алып жүрүшкөнүн жазышты.

Түн ичинде 30дай полиция кызматкери жаракат алып, ондогон киши кармалды. Уоллестин өлүмү боюнча тергөө иштери башталды.

Жайында Филаделфияда жана АКШнын башка шаарларында афроамерикалык Жорж Флойд полиция кармап жаткан маалда каза болгондон кийин расизмге жана полициянын зомбулугуна каршы жапырт акциялар уюштурулган.

XS
SM
MD
LG