Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Министрликке талапкер Аида Исмаилова депутаттардын сынына кабылды


Аида Исмаилова.
Аида Исмаилова.

Парламентте талапкерлиги эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине көрсөтүлүп жаткан Аида Исмаилова 28-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттардын сынына кабылды.

Депутат Үмбөталы Кыдыралиев Исмаилованын пандемия учурунда шайлоого катышканын белгилеп: «Сиз сыяктуу аткаминерлер бардык эрежелерди уятсыздык жана жоопкерчиликсиздик менен жерип, шайлоого барып, 5-октябрдагы окуяга салым кошту», - деп айтты.

Исмаилова күнөөсү жок экенин белгилеп, шайлоого оору боюнча кырдаал жөнгө салынгандан кийин кеткенин айтты. Ошондой эле ал парламенттик кайра шайлоого катышар-катышпасын так айткан жок.

Депутат Дастан Бекешев быйыл июль айында коронавирус эпидемиясы күчөп турганда Исмаилова вице-премьерлик кызматын убактылуу токтотуп, талапкер катары шайлоого кеткенин эскертип: «Июль айында эл арасында нааразылык күчөп, абал оор болду. Жеке сиз кандай иштедиңиз?» деп суроо узатты.

Ага Исмаилова: «Эл үчүн жакшы эле иштеп бердим», - деп жооп берди.

Бекешевдин: «Келерки шайлоого катышасызбы?» - деген суроосуна ал так жооп берген жок. «Эртең-бүрсүгүнү эмне болорун биз билбейбиз», - деди.

Исмаилова өкмөттө социалдык маселелер үчүн жооптуу вице-премьер болуп быйыл апрель айында дайындалган. Июль айында Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын алгачкы толкуну эң курч көрсөткүчкө жетип, өлүм-житим көп катталган. Исмаилованын вицелик ишин убактылуу токтотуп, августта «Биримдик» партиясынан шайлоого катышканы кеткени коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Социалдык түйүндөрдө өкмөт апрелде дайындалган мүчөлөрү октябрдагы шайлоого катышпай турганына убада бергени кызуу талкуу жараткан. (RK)

XS
SM
MD
LG