Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:36

Премьер-министр кеңешчиси Акылбек Жапаровду кызматтан кетиргенин айтты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров кеңешчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровду кызматтан алганын билдирди. Бул тууралуу өкмөт башчы 27-октябрда Коомдук каналдагы маегинде билдирди. Анын айтымында, Акылбек Жапаровдун билимин жана тажрыйбасын эске алуу менен кеңешчи болууну сунуш кылган. Бирок өкмөт башчы кийинки убакта Акылбек Жапаровдун дарегине айтылган сындан жана анын билдирүүлөрүнөн улам кызматтан алууну чечкен.

«Үч күн мурунку теледебатын көрдүм. Темирлан Султанбеков деген жаш бала менен айтышып жатыптыр. Ошол жерде адепсиз сөздү сүйлөгөнүн өз кулагым менен уктум. Акылбек Жапаровду үч күндөн бери издеп таппай атам, жумушка келе элек. Бүгүнтөн баштап ал менин кеңешчим болбойт», - деди Жапаров.

Буга чейин депутат Акылбек Жапаров премьер-министрдин экономика жана финансы боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси болгонун билдирген. Ал шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгечилердин бири болуп, парламент жыйынында баяндама да жасаган.

23-сентябрда дал ушул маселе боюнча «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында Акылбек Жапаров Социал-демократтар партиясынын төрага орун басары Темирлан Султанбеков менен кайым айтышкан болчу.

Баш мыйзамга байланган саясат
please wait

No media source currently available

0:00 0:59:21 0:00

XS
SM
MD
LG