Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20

Акыйкатчы: Атамбаев сот жараяндарын ачык өткөрүүнү суранды


Алмазбек Атамбаев сот залында. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев сот залында. Архивдик сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн акыйкатчысы аркылуу жаңы бийликке кайрылып, ага коюлган айыптар боюнча сот отурумдарынын баарын ачык өткөрүүнү өтүндү. Бул тууралуу 27-октябрда Атамбаев менен Бишкектин №1 тергөө абагынан жолугуп чыккан акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.

Акыйкатчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Атамбаев кечээ аны суу жана канализация түтүктөрү иштебеген, жыт чыгып турган камерага отургузушканын, бүгүн анын баары оңдолгонун айтып берди.

Мурдагы президент өлкөнүн жаңы жетекчилигине, Башкы прокуратурага, Жогорку сотко жана тергөө органдарына кайрылып, ага карата козголгон иштер боюнча сот отурумдарын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ачык өткөрүүнү суранды. Атамбаев ал иштерде жашыруун нерсе жана мамлекеттик сыр жок экенин айтты. Сот органдары өлкөнүн мурдагы жетекчилигинин буйругу менен сот жараяндарын жабык өткөрүп келгенин, бардык иштер негизсиз жана мыйзамсыз экенин белгиледи.

Атамбаев ден соолугу тууралуу айтып, кан басымы төмөндөп жатканын, бүгүн 80/58 болгонун билдирди жана башка абакка которууну суранды.

Акыйкатчынын басма сөз кызматы кабарлаганай, «Атамбаев менен жолугушуудан кийин Мамытов Атайын прокуратуранын жана №1 тергөө абагынын жетекчилиги менен жолугушту. Натыйжада Атамбаевди тез арада №47 абакка которуу тууралуу чечим кабыл алынды».

Бир аз мурдараак Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматы атайын комиссиянын отуруму болгонун, анда Атамбаевди №47 колонияга которуу жөнүндө чечим кабыл алынганын кабарлаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Атамбаев №1 тергөө абагына бир күн мурда которулган.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин негизинде быйыл 11 жылга эркинен ажыратылган. Мындан тышкары ал бир адамдын өлүмү менен аяктаган Кой-Таш окуясы боюнча да соттолууда.

Быйыл 6-октябрга караган түндө тарапкерлери абактан бошоткон Атамбаевди атайын кызмат 9-октябрда Бишкекте өткөн митингдеги башаламандыкка байланыштуу кайра кармап кеткен.

Адвокат Замир Жоошев Атамбаев кылдат жана толук дарыланууга муктаж экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG