Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:09

Чехия коронавирустан улам чектөөлөрдү күчөттү


Прагадагы чектөөдөн улам жабылган ресторандагы эскертүү.
Прагадагы чектөөдөн улам жабылган ресторандагы эскертүү.

Коронавируска байланыштуу Чехияда түнкү коменданттык саат киргизилди. Европа Биримдигинин саламаттык сактоо органы бул өлкө аймакта оору жуккан учурлар боюнча эң алдыга чыкканын маалымдады. Чех саламаттык сактоо министри Роман Примула азыркы карантин чаралары да аздык кыларын, коронавируска кабылгандар 268 миңден ашып, 2300дөн көп бейтап көз жумганын билдирди.

Чехияда коменданттык саат 28-октябрдан тартып башталат жана өтө олуттуу себеби жок, бейчеки көчөгө чыгууга тыюу салынат. Өкмөт 5-октябрда өзгөчө абал жарыялаган жана мектептер, тамактануучу жайлар жабылган, көпчүлүк жерлерде милдеттүү түрдө беткап кийүү тууралуу эреже кирген. Тамак-аш, турмуш-тиричиликке керектүү буюм-тайымдар сатылган дүкөндөр менен дарыканалардан башкасынын баары жабылган.

Пандемиянын айынан салтка айланган Рождество алдындагы майрамдык жармаңкелер да болбойт. Мунун алдында Германияда да ушундай чечим кабыл алынган.

Италия менен Испания да кайрадан карантин эрежелерин киргизди. Франция ушул тапта чектөө эрежелерин дагы катаалдатуунун жолдорун караштырып жатат. Париж өндүү ири шаарларда буга чейин коменданттык саат киргизилген. Испанияда 25-октябрда түнкү коменданттык саат киргизилип, өзгөчө абал жарыялаган.

Францияда коронавируска кабылгандар 1,1 миллион адамга жетти жана мындай көрсөткүч менен дүйнөдөгү бешинчи өлкө болуп калды.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзүндө коронавирус 43 миллиондон ашык адамга жукту. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму быйыл март айында COVID-19ду пандемия деп жарыялагандан бери 1,1 миллион бейтап жан берди.

XS
SM
MD
LG