Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:19

Польшада абортко тыюу салган чечимге каршы акциялар өттү


Польшада бойдон алдырууга тыюу салган соттун чечимине каршы акциялар өттү. 26-октябрда Варшава баш болгон Гданьск, Познань, Катовице жана Краков шаарларында миңдеген кишилер митингге чыгып, Конституциялык соттун чечимине нааразылыгын билдиришти. Алар акциялар дагы уланарын эскертишүүдө.

Буга чейин Польшанын Конституциялык соту түйүлдүк кезинде кемтиги аныкталгандарды аборт кылууну мыйзамсыз деген чечим чыгарган. Бирок өлкөнүн бир катар жарандары майып болуп төрөлчү балдарды бойдон алдырыш керек деген пикирди жакташууда. Алар соттун акыркы чечимин адам укуктарын чектөө катары сыпаттап жатышат.

25-октябрда өлкөдөгү бир катар аймактардагы чиркөөлөрдө жекшембилик жөрөлгөлөр үзгүлтүккө учурады. Интернетте тараган тасмалардын биринде Познандагы чиркөөгө 30га жакын адам кирип келип, сыйынуу учурунда «Биз чарчадык», «Бизди тынч койгула» деп кыйкырганын көрүүгө болот. Ал эми түштүктөгү Катовец шаарында жети миңге жакын адам чиркөөнүн алдына чогулуп, нааразылыгын билдирди. Мамлекеттик маалымат каражаттары демонстранттар полицияга кол салганы үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонулганын кабарлады.

Ушундай эле акциялар өлкө борбору Варшавада да өттү. Анда президенттин кеңсесинин алдына миңдеген адамдар чыгып, соттун чечимине каршы экенин кыйкырып турушту.

Польшада аборт кылууга тыюу салган чечим парламенттин бир катар депутаттары сотко кайрылган соң кабыл алынган. Депутаттар Конституциянын 30-беренесине таянып, «түйүлдүктө жаткандан баштап адам өмүрүн алууга эч кимдин укугу жок» деген жүйө келтирген. Бийликчил «Мыйзам жана адилеттик» партиясынын мүчөлөрү бул демилгени колдоп, абортко каршы экенин айтып келишет.

Эми Конституциялык соттун чечими расмий жарыяланган соң күчүнө кирет. Мында кийин Польшада эненин саламаттыгына коркунуч жаралганда жана аял зордукталгандан кийин боюна бүткөн учурда гана бойдон алдырууга уруксат берилет.

XS
SM
MD
LG