Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

АКШ: Вице-президенттин жардамчысы коронавируска кабылды


АКШнын вице-президенти Майк Пенс Ак үйдүн коронавируска каршы күрөш боюнча жумушчу тобун жетектейт.
АКШнын вице-президенти Майк Пенс Ак үйдүн коронавируска каршы күрөш боюнча жумушчу тобун жетектейт.

АКШнын вице-президенти Майк Пенстин аппарат башчысы коронавирус жуктуруп алды. Пенстин басма сөз катчысы Девин О'Мэлли 24-октябрда вице-президент менен анын аялы Карен тест тапшырганын, бирок анализдери таза чыкканын билдирди:

"Бүгүн вице-президенттин аппарат башчысы Март Шорттун COVID-19га тапшырган анализи таза болбогондуктан ал карантинге чыкты жана өзү менен байланышта болгон адамдарды аныктоого жардам берди", деп билдирди.

Шорт - Пенстин жакын жардамчысы. Анын алдында, ушул эле күнү вице-президенттин дагы бир саясий кеңешчиси да вирусту жуктуруп алганы белгилүү болгон. Шорттун анализи таза чыкпагандан кийин Пенс беткап тагына баштады. О'Мэлли вице-президент шайлоо өнөктүгү боюнча жадыбалын өзгөртпөй турганын айтты. Кошмо Штаттарында президенттик шайлоого бир аптадан ашыгырак убакыт калды.

Майк Пенс Ак үйдүн коронавируска каршы күрөш боюнча жумушчу тобун жетектейт.

Ушул айдын башында АКШнын президенти Дональд Трамп да коронавирус менен ооруган жана анда Ак үйдө президент менен иштеген 20 чакты адам илдетти жуктуруп алганы белгилүү болгон.

АКШда соңку бир аптада коронавирус менен ооругандардын саны орто эсеп менен күн сайын 70 миңден ашты жана бул июль айынан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды. Нью-Йорк баштаган айрым штаттарда илдет жуккан учурлар көбөйүп, ооруканалар толо баштады.

Кошмо Штаттарында оорунун жайылышын ооздуктоо, чектөө боюнча жалпы улуттук план кабыл алынган эмес. Мындан улам беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо сыяктуу сактык чаралары боюнча эрежелер ар кайсы штатта ар кандай. Өлкөнүн башкы инфекционисти Энтони Фаучи жума күнү жарандарды беткап тагынууга милдеттендирген жалпы эреже киргизилиши керектигин билдирди.

АКШда өпкөнү сезгенткен ооруну сегиз миллиондон ашык адам жуктуруп алып, 225 миңден көп бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG