Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:53

Украинада жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат


Бул шайлоо президент Владимир Зеленский менен анын "Эл кызматчысы" партиясынын рейтинги төмөндөп жаткан маалга туш келди.
Бул шайлоо президент Владимир Зеленский менен анын "Эл кызматчысы" партиясынын рейтинги төмөндөп жаткан маалга туш келди.

Украинада 25-октябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө. Анда жарандар Донецк менен Луганск облустарынан башка бардык 22 облустук, 110 райондук кеңешке, ошондой эле 1,5 миңдей бириккен аймактык-базалык администрацияга добуш беришет. Андан сырткары шаар мэрлери, айыл башчылары шайланат.

Мыйзам боюнча, чакан калаа, айыл-кыштак башчылары биринчи турда эле шайланат. Ал эми 75 миңден ашык адам жашаган шаарларда шайлоодо алдыга чыккан эки талапкер биринчи добуш берүүдөн үч апта өткөн соң экинчи айлампага катышат.

Бул шайлоо президент Владимир Зеленскийдин жана анын "Эл кызматчысы" партиясынын рейтинги төмөндөп жаткан маалга туш келди. Бир катар серепчилер добуш берүү президенттин эл арасында кадыр-баркы азайганынын көрсөткүчү болуп каларын айтышкан.

Жекшемби күнү Зеленскийдин демилгеси менен жалпы улуттук сурамжылоо да жүргүзүлүүдө. Анда украин президенти добуш берген жарандардын ашынган коррупционерлерди өмүр бою абакка кесүү, Донбасста эркин экономикалык аймак түзүү, депутаттардын санын 450дөн 300гө чейин азайтуу, медициналык каннабиске уруксат берүү жана 1994-жылдагы Украинанын өзөктүк куралдан баш тартканы боюнча Будапешт келишиминдеги коопсуздук чараларын колдонуу боюнча пикирине кызыккан. Бул сурамжылоо украин коомчулугунда кызуу талаш-талкуу жараткан.

XS
SM
MD
LG