Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:15

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу


Кыргыз-тажик чек арасы. Ак-Сай айылы, Баткен району. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасы. Ак-Сай айылы, Баткен району. Иллюстрациялык сүрөт.

25-октябрда саат 16:45 чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы такталбаган аймакта Тажикстандын жарандары суу түтүктөрүн орнотуп жатканда кыргызстандык чек арачылар барып, эскертүү беришкен. Бирок тажик жарандары кулак салбай, оозеки кайым айтышууга барышкан. Кыргызстандык чек арачылары чыр-чатактын өрчүп кетүүсүнүн алдын алуу максатында, эскертүү иретинде асманга ок атышкан.

Учурда ал жердеги иштер токтотулуп Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу жүрүп жатат. Ошондой эле жолугушууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да катышууда.

Бул тууралуу маалымдаган Кыргызстандын Чек ара кызматы учурда аймактагы абал туруктуу деп кабарлады.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек арада түрдүү жаңжалдар катталып турат. Үч-Дөбөдөгү окуя Кыргызстанда бийлик алмашкан 15-октябрдан берки убактагы алгачкы инцидент.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу – 970 чакырым. Мунун ичинен 504 чакырымы гана делимитация жана демаркация болгон. Калган такталбаган аймактар чек аранын эки тарабындагы элдин түрдүү чатактарына себеп болуп келет.(JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG