Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Тоолуу Карабакта тынчтык орнотуу сүйлөшүүсүнөн көп өтпөй кайра жаңжал башталды


Урандылардын арасында турган жаран жана талкаланган имаратка сайылга Азербайжан желеги.
Урандылардын арасында турган жаран жана талкаланган имаратка сайылга Азербайжан желеги.

24-октябрда эртең менен Тоолуу Карабакта жана ага жакын аймактарда Азербайжан менен Армениянын аскерлеринин ортосунда салгылашуу болду.

Жаңжал кайра башталардан бир күн мурун эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолугушкан. Алар ондогон жылдардан бери уланып келаткан талашты саясий жөнгө салуунун жолун табууну талкуулашкан.

Азербайжандын министри Жейхун Байрамов жана Армениянын министри Зохраб Мнацаканян Помпео менен өз-өзүнчө сүйлөштү.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Помпео аларды Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Минск тобунун алкагында сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырды.

90-жылдардын башында Тоолуу Карабактагы талашты жөнгө салуу максатында түзүлгөн Минск тобуна АКШ, Франция жана Орусия теңтөрагалык кылат.

Вашингтондогу жолугушууда Армениянын тышкы иштер министри сүйлөшүүлөргө Түркиянын кандай формада болбосун аралашуусуна каршылыгын билдирди. Ал Стамбулдун Бакуну колдоп жатышы - маселенин олуттуу бөлүгү экенин белгиледи.

Азербайжандын тышкы иштер министри Тоолуу Карабактагы "армян оккупациясы" токтотулушу шарт экенин айтты жана сүйлөшүүгө Баку даяр экенин кошумчалады.

Расмий түрдө Азербайжандын аймагына кирген, бирок этникалык армяндар башкарып келаткан Тоолуу Карабакта 27-сентябрда кайрадан башталган согушта өлгөндөрдүн саны бир айда 900гө жакындады.

XS
SM
MD
LG