Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Тергөөчүлөр БШКнын 3-июлдан берки документтерин тинтүү кылууда


24-октябрда саат онго жакын Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) күч кызматкерлери келип, 3-июлдан берки документтерге тинтип, текшере баштады. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүүгө келгендер Бишкектин Свердлов райондук милициясынын тергөөчүлөрү экени БШКнын "Телеграмдагы" каналында кабарланды. Милиция парламенттик шайлоо жарыяланган күндөн - 3-июлдан берки документтерди текшерүүдө.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул маселеде азыр комментарий берүүгө убактысы болбой жатканын айтты. Төрайымдын орунбасары Абдыжапар Бекматов да ушундай жооп берди.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы окуя боюнча такталган маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

БШКда айрым укук коргоочулар жагдайга көз салууда. Маалыматка караганда, тинтүү жүргүзүүгө уруксат берген токтомду 22-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган.

Буга тергөөчүлөрдүн 4-октябрда өткөн шайлоону уюштуруудагы эреже бузууларды аныктоо үчүн тинтүү жүргүзүүгө уруксат сурап сотко кайрылганы себеп болгон.

БШКнын "Телегамдагы" каналына тинтүү учурунан тартылган ушул сүрөт жарыяланды.
БШКнын "Телегамдагы" каналына тинтүү учурунан тартылган ушул сүрөт жарыяланды.

21-октябрда ИИМ кызматкерлери БШКнын мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылган. Милиция бул 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин чыккан башаламандыкка байланыштуу экенин айткан. Бул окуя жарандык коомдун, айрым саясатчылардын сынына кабылган.

Омбудсмен Токон Мамытов жана бир канча коомдук уюмдар милициянын аракетин сындап чыгышкан. Алар БШК - ишмердиги мыйзамдар менен даана көрсөтүлгөн конституциялык орган экенин кошумчалап, БШКнын ишине кийлигишкендер Жазык кодексинин негизинде жоопко тартыларын эскертишкен.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев мыйзамсыздык тууралуу айтылган соң ИИМ БШК мүчөлөрүнө «кысымын токтотконун» «Фейсбукка» жазган. (SE)

XS
SM
MD
LG