Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:53

Садыр Жапаров инвестициялык форумда бюджеттин абалы начар экенин айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын мамлекеттик казынасында абал начар. Бул тууралуу 23-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Инвестициялык кеңеште сүйлөп жатып билдирди:

«Бюджеттин тартыштыгы 28 миллиард сом менен кабыл алынган, бирок мага келген маалыматка караганда, реалдуу картина андан да начар. Жакын арада бюджетибиз боюнча реалдуу жана чыныгы маалыматтарды ачыкка чыгарабыз. Ачык айтсам, жагдайыбыз жакшы эмес».

Финансы министрлиги бюджеттин тартыштыгы 34 миллиард сомго чыгарын божомолдоп жатканын буга чейин маалымдаган.

Ушу тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйыны өтүүдө.

Жыйынга катышкан бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит соңку жети ай кыргызстандык ишкерлер үчүн өтө оор болуп жатканын белгилеген.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциялары мамлекеттик бийликтин толук алмашуусу менен аяктаган. (RK)

XS
SM
MD
LG