Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

АКШ Орусия колдогон хакерлер серверлерди бутага алганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия колдогон хакерлер АКШ өкмөтүнүн жана жергиликтүү штаттардын түйүндөрүн бутага алып, кеминде эки сервердеги маалыматтарды уурдап кеткени белгилүү болду. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросу жана Киберкоопсуздук менен инфратүзүмдүк коопсуздук боюнча агенттик 22-октябрда билдирди. Алардын маалыматында хакерлердин кеминде сентябрь айынан берки түрдүү аракеттери сүрөттөлгөн.

Ошондой эле хакерлер АКШ өкмөтүнүн кайсы бир операцияларын үзгүлтүккө учуратууну көздөбөгөнү, бирок келечекте Кошмо Штаттардын саясатына таасир этүүгө аракет кылышы мүмкүн экени белгиленген. Расмий маалыматта кайсы мекемелер бутага алынганы так айтылган жок. Болгону киберчабуулду «Berserk Bear», «Energetic Bear» жана «Dragonfly» аттуу үч хакердик топ уюштурганы кабарланды.

Мындай билдирүү АКШдагы 3-ноябрдагы президенттик шайлоого саналуу күндөр калганда таратылды. 21-октябрда Кошмо Штаттардын Улуттук чалгын башкармалыгынын башчысы Жон Рэтклифф Иран менен Орусия шайлоонун алдында коомдук пикирге таасир этиш үчүн америкалык шайлоочулар тууралуу маалыматтарды топтогонун билдирген. Ошондой эле Иран көзмөлдөгөн топтор айрым шайлоочуларды электрондук каттар аркылуу коркутканын белгилеген. Мындай дооматтарды расмий Тегеран менен Москва «негизсиз» деп, четке каккан.

XS
SM
MD
LG