Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Финансы министрлиги: Кыргызстандын жалпы карызы - 4, 824 млрд. доллар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылдын 31-июлуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4, 824 млрд. долларды түздү. Мунун ичинен 654,41 млн. доллар (13,56%) ички карыз. Ал эми 4, 169 млрд. доллар (86,44%) тышкы карыз. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, эң көп карыз Кытайдан алынган.

Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкына 1,776 млрд. доллар бересе;

- Францияга - 4,86 млн. доллар;
- Жапон эл аралык өнүктүрүү агенттигине - 244,84 млн. доллар;
- Банк КвФ - 80,75 млн доллар;
- Түштүк Кореянын Эксимбанкына – 14,14 млн. доллар;
- Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фондуна - 7,14 млн. доллар;
- Сауд өнүктүрүү фондуна - 24,16 млн. доллар;
- Түркия өкмөтүнө - 89,54 млн. доллар;
- Абу-Даби өнүктүрүү фондуна – 8,04 млн. доллар карыз.

Министрлик Кыргызстандын тышкы карызын азайтуу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын маалымдады.

Кыргызстан бул жылы да тыштан 338 млн. доллар каржылык жардам алды. Анын 269 млн. доллары насыя. (ZKo)

XS
SM
MD
LG