Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Жапаров Жээнбековдун Антикоррупциялык кызматты жойгон жарлыгын жокко чыгарды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Антикоррупциялык кызматын жоюу тууралуу президенттик кызматтан кетер алдындагы жарлыгын жокко чыгарды. Жарлык 16-октябрда чыкканын президенттин сайты 20-октябрда жарыялады. Анда аталган кызматтын иши калыбына келтирилип, Жээнбековдун жарлыгы күчүн жоготкону белгиленген. Мекеменин иши Конституциянын 65-беренесине ылайык коррупцияга каршы күрөшүү жана коррупциялык кылмыштарды тергөө боюнча чаралардын топтому кабыл алынганга чейин жанданган.

Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында, 14-октябрда «2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлган болчу.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министрлик кызматка бекиткен Садыр Жапаров аткарууда. (NT)

XS
SM
MD
LG