Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:18

Абакиров: Чет жакта миллиондой кыргыз жараны парламенттик шайлоодо добуш бере албай калды


Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо Кыргызстандын чет мамлекеттерде, айрыкча Орусияда жашаган бир миллионго жакын жараны добуш берүү укугунан ажырап калды деп эсептейт. Мындай пикирин Абакиров 20-октябрда Бишкекте шайлоо мыйзамдарына киргизилчү өзгөртүүлөр талкууланып жатканда айтты.

«Миллион адамдын добушу - оюнчук эмес» деген Абакиров парламенттик кайра шайлоону уюштурууда чет жактагы кыргызстандыктардын укугун эске алууну өтүнүп, зарыл болсо Москвада жана Орусиянын кыргыз жарандары жашаган башка ири шаарларында бир күнгө бир стадионду ижарага алып, баарын тейлеп жетишчүдөй добушканаларды ачууну сунуш кылды:

«Мен билгенден Москвада 250 миң, жалпы Орусияда 700 миң, АКШда 20 миңге жакын, Италияда беш миң, Англияда беш миң, Корея Республикасында үч миң, Түркияда 25 миң кыргызстандык жашайт. Сыртта дээрлик бир миллион кыргыз жүрөт. Эмне үчүн алардын тогуз эле миңи шайлады? Анткени бизде, Кыргызстанда «ар бир добушканада бир күндө 2,5 миң киши шайлай алат» деген норма бар. Ал эми Москвада, Екатеринбургда, Новосибирскиде, 100-300 миң кыргызстандык жашаган жерлерде канча добушкана болду? Менин Москвадагы тааныштарым добуш бере албай калганын айтышты. Миллион адам добуш бере албай калды. Бул чындык».

Абакиров Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып, 4-октябрдагы шайлоодо каттоого 32 миң кыргызстандык турганын, алардын тогуз миндейи добуш бергенин маалымдады.

Бүгүн Бишкекте шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча сунуштар талкууланган жыйын өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер катышып, 4-октябрдагы шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарууга алып келген себептерди жана кайра шайлоого даярдыкты талкуулашты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова чет жактагы жарандардын шайлоого катышуусу боюнча маселе толук чечиле элек экенин моюнга алып, бул багытта иш жүрүзүлгөнүн, консулдук каттоо болушунча жеңилдегенин, бул жолку шайлоодо биринчи жолу чет өлкөлөргө көчмө топтор жөнөтүлгөнүн айтты.

Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Кыргызстан азыр парламенттик кайра шайлоого жана президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрө баштады. (RK)

XS
SM
MD
LG