Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:17

Суракматов: Мэрликти Түлеевге тапшырдым, өзүм парламенттик шайлоого катышам


Азиз Суракматов.
Азиз Суракматов.

Бишкек шаарынын башчысы Азиз Суракматов Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер катары катышуу үчүн мэрлик кызматтан баш тартты. Бул тууралуу ал 20-октябрда мэрияда өткөн басма сөз жыйынында жарыялап, борбор шаардын мэринин милдетин биринчи вице-мэр болуп жаңы эле дайындалган Нариман Түлеев аткарарын жарыялады.

Суракматов шаар башчылык кызматта турганда бир топ иштер жасалганын, аларды Түлеев татыктуу улантып кетерине ишенерин айтып, аны мэрияга кызматка жеке өзү чакырганын айтып берди:

«Нариман Ташболотович менен Жогорку Кеңеште бир фракциядан («Ата-Журт») депутат, үзөңгүлөш болгонбуз. Соңку төрт күндөн бери мен аны менен сүйлөшүү жүргүзүп, биринчи орун басарлыкка чакырып жаттым. Ал көпкө макул болгон жок. Бүгүн гана макул болду. Бир-эки жума ичинде парламенттик шайлоого даярдык башталат. Мен шайлоого катышууну пландап жатам».

Суракматов Бишкек шаарын 2018-жылдан бери башкарып келди.

Бүгүн, 20-октябрда ал биринчи вице-мэрликке Түлеевди дайындоо тууралуу буйрукка кол койгон.

Түлеев Бишкекти 2008-2010-жылдары башкарган. Кийин коррупция үчүн айыпталып, 11 жылга кесилген. 2016-жылы мамлекет тарткан зыянды төлөп берип, мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлгөн.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөн. Анын баштапкы жыйынтыгы нааразылык акцияларынан кийин жокко чыгарылган. Шайлоодон кийинки саясий кризис бийликтин алмашуусуна алып келди. Азыр өлкө парламенттик кайра шайлоого жана президенттик жаңы шайлоого камданууда. (RK)

XS
SM
MD
LG