Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:17

Жогорку сот Мырзакматовду актаган өкүмдөрдү күчүндө калтырды


Мырзакматов Ош шаарында. 2020-жылдын 7-октябры.
Мырзакматов Ош шаарында. 2020-жылдын 7-октябры.

Жогорку сот Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовду актаган өкүмдөрдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу 20-октябрда мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Изати Шугуралиева кабарлады. Анын айтымында, Мырзакматовдун иши Жогорку сотто 19-октябрда каралды. Анда Ош шаардык жана Ош облустук сотторунун өкүмдөрү күчүндө калтырылды.

Шаардык сот Мырзакматовго карата козголгон иште кылмыш курамы жок деген негизде аны 15-октябрда актаган, облустук сот бул өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Мелис Мырзакматовго Кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») боюнча күнөө коюлуп, 2015-жылы жети жылга сыртынан кесилген. Муну Мырзакматов өзү саясий куугунтук деп атаган.

2014-жылдан бери бозгунда жүргөн Мырзакматов быйыл 7-октябрда Түркиядан Ош шаарына кайтып келген. Бул Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы тараптардын митингинен кийин уланган башаламандык учурга туш келди. (RK)

XS
SM
MD
LG