Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:06

Коронавирус көбөйүп жаткан Алматынын башкы дарыгери жумуштан алынды


Камалжан Надыров.
Камалжан Надыров.

Казакстанда коронавируска чалдыккандар көбөйүп жаткан шартта Алматы шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Камалжан Надыров жумуштан алынды.

Алматы акимиятынын маалыматы боюнча, Надыров кызматтан кетүүгө өзү арыз жазган. Ал өлкөнүн ири шаарынын башкы дарыгерлигине быйыл июнь айында дайындалган. Ага чейин өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары болуп эмгектенип келген. Ал өлкөдө коронавирус жугузгандар көбөйгөн июнь айында жумуштан кеткен саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдон соң кызматын алмаштырган.

Акыркы күндөрү Казакстанда коронавирус жуктургандар көбөйүп жатат. 18-октябрга карата Алматы шаарында 14 527 адамга жетти. Ал эми өлкөдө вирус аныкталгандардын саны 109 миңден ашты. 1796 адам каза болду. Бирок казак бийлиги коронавирусту аныктоочу тестте вирус көрсөтпөй, өпкө кагынынан жабыркагандарды бул статистикага кошпой өз алдынча санак жүргүзүүдө. Мындай диагноз менен 35 миңден ашык адам катталып, 382 адам жарык дүйнө менен кош айтышты.

XS
SM
MD
LG