Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Жапаров Улуттук банктын төрагасы менен каржы-банк системасындагы абалды талкуулады


Садыр Жапаров менен Толкунбек Абдыгуловдун жолугушуусу. 2020-жылдын 19-октябры.
Садыр Жапаров менен Толкунбек Абдыгуловдун жолугушуусу. 2020-жылдын 19-октябры.

Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алып, макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу, банк жана төлөм системасынын коопсуздугу боюнча маселелерди жана валюта рыногундагы соңку абалды талкуулады. Бул тууралуу 19-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров каржы-банк системасынын жана улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылуунун зарылдыгын белгилеп, экономика кабылган коркунучтарды азайтууга чакырды.

Соңку бир айдан бери 79 сомдун тегерегинде болуп турган доллар 16-октябрда дээрлик 82 сомго жеткен. Бүгүнкү күнгө карата Улуттук банк сомдун долларга карата расмий курсун 81,79 сом деп аныктады.

Улуттук банк 15-октябрда 17,1 миллион доллар өлчөмүндө интервенция жүргүзүп, бул кадамга акыркы күндөрү доллардын курсу кескин көтөрүлүп кеткени себеп болгонун билдирди.

Жыл башынан бери эсептегенде Улуттук банк 14 жолу интервенция жүргүзүп, жалпысынан 303 миллиондон ашуун доллар сатты.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кайра арзандай баштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG