Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:25

COVID-19: Бир күндө 482 кишиден вирус жаңы аныкталды


Бишкектеги убактылуу стационарлардын биринен тартылган сүрөт. Июль, 2020-жыл.
Бишкектеги убактылуу стационарлардын биринен тартылган сүрөт. Июль, 2020-жыл.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 19-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада дагы 482 кишиден вирус табылды.

Акыркы эки аптадан бери биринчи жолу бир суткада киши өлүмү катталган жок. Өткөн жума ичинде жалпысынан коронавирус илдети жуккан 25 киши каза болгон. Буга чейин коронавирус жугузуп алгандан кийин кайтыш болгондор 1111 кишиге жеткени маалымдалган.

Марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 52 526 адамды түздү. Анын 45 863ү сакайганы айтылды. Бир күндө 127 адам ооруканалардан айыгып чыкты.

Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2550 бейтап стационарда, 2518и үй шартында дарыланууда. (NT)

XS
SM
MD
LG