Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Ооганстанда полиция бекетинин жанындагы жардырууда 20 адам каза болду


Гор полициясынын өкүлү Абдул Маареф Рамеш жардыруу карапайым адамдар да өлгөнүн билдирди.
Гор полициясынын өкүлү Абдул Маареф Рамеш жардыруу карапайым адамдар да өлгөнүн билдирди.

Ооганстандын борборунда полиция бекетинин жанында автоунаада болгон жарылууда кеминде 20 адам каза болду.

Ооганстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Тарик Ариан 18-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00 чамасында Гор провинциясынын борбору Фироз Кох шаарында полиция бөлүмүнүн жанында бомба коюлган автоунаа жарылганын билдирди.

Гор полициясынын өкүлү Абдул Маареф Рамеш жардырууда карапайым адамдар да өлгөнүн билдирди. Буга чейин мындай окуялар үчүн "Талибан" кыймылы айыпталып келген. Кол салуу үчүн азырынча бир да топ жоопкерчиликти ала элек.

Гор - Ооганстандын эң жакыр жана туруксуз аймактарынын бири.

Бул жардыруу "Талибан" менен ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү Катардын баш калаасы Дохада өлкөдөгү 19 жылдык согушту токтотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда болду.

XS
SM
MD
LG