Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

С.Жапаров өлкөдөн чыгарылып кетти делген 700 млн. доллар тууралуу пикирин билдирди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын премьер-министри, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 16-октябрда жалпы кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан кайрылууда коррупцияга каршы күрөш, анын ичинде Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго жакын адамдар жана анын бизнес өнөктөштөрү Кыргызстандан чыгарып кеткени айтылган 700 млн. доллардын тегерегиндеги акча тууралуу да сөз кылынды.

"Баарынан мурда биз 700 млн. долларды Кыргызстандан чыгарып кетүү боюнча шек саналган Матраимовдор жана башка схемалуу коррупцияларды түзүп, элдин ырыскысына кол салган бардык тармактардагы коррупционерлерди катаал жаза менен жоопко тартабыз. Укук коргоо органдарына тийиштүү тапшырмалар берилди. Жакынкы убактарда биз ишибиздин жыйынтыгын көрсөтөбүз", - деди Жапаров.

Премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Жапаровдун айтымында, “ошол эле мезгилде коррупция менен күрөшүү – бул түрмөлөрдү толтуруу, укук коргоо органдарына бардык укуктарды берүү болбошу керек”.

Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:56 0:00

Премьер-министр Садыр Жапаров 14-октябрда «Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кыргызстандан чыгып кеткен» деген маалымат бар экенин айткан.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жетекчи болуп жаңы дайындалган Камчыбек Ташиев да 16-октябрдагы алгачкы басма сөз жыйынында Райымбек Матраимовдун иши иликтене турганын билдирген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов алар, анын ичинде Райымбек Матраимов тууралуу иликтөөдө айтылган маалыматтарды "каралоо" деп баалап келе жатат.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңгени БШКнын баштапкы маалыматында жарыяланган төрт партиянын ичинен экинчи орунга чыккан «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы Матраимовдордун колдоосу менен шайлоого барганы белгилүү.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Матраимовдордун жемкорлугу тууралуу берилген суроого "факт керек" деп гана жооп айтканы маалым.

Шайлоодон кийинки нааразылыктардан соң тарапташтары тарабынан абактан бошоп, кийин Жогорку Кеңеш тарабынан өкмөт башчылыгына шайланган Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен кызматтан кеткенине жана спикер Канатбек Исаев мамлекет башчынынын ыйгарым-укуктарынан баш тартканына байланыштуу 16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришти.

XS
SM
MD
LG