Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Жээнбеков УКМКга караштуу Антикоррупциялык кызматты жоюп кеткени белгилүү болду


УКМКнын имараты.
УКМКнын имараты.

Президенттиктен кеткен Сооронбай Жээнбековдун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Антикоррупциялык кызматты жойгон жарлыгы өкмөттүк «Эркин тоо» гезитине 16-октябрда расмий жарыяланды. Ага ылайык, Сооронбай Жээнбеков аталган мекемени жойгон жарлыкка 14-октябрда кол койгону жана ал расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирери белгиленген.

16-октябрда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жетекчи болуп дайындалган Камчыбек Ташиев Антикоррупциялык кызматтын жоюлганы тууралуу кабары жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Анын алдында Садыр Жапаров Антикоррупциялык кызматтын директорун дайындоо боюнча буйрукка кол койгон. Ага ылайык, мекемени жетектөө милдети Бекбосун Апсатаровго жүктөлгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Антикоррупциялык кызмат 2011-жылы түзүлгөн. Бул 2011-жылдын 1-декабрында расмий президенттик кызматка киришкен мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин алгачкы буйруктарынын бири болгон жана ал корруцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында түзүлгөнү айтылган. Бирок бир катар депутаттар Конституция боюнча президенттин андай орган түзүүгө укугу жок экенин белгилеп, мекеме саясий атаандаштарына басым көрсөтүш үчүн колдонулуп жатканын сындап келишкен.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Антикоррупциялык кызматты эмне үчүн жойгону белгисиз. Анын басма сөз кызматынан жарлык тууралуу маалыматты ырастоого мүмкүн боло элек.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризистен улам Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетүүгө мажбур болду. Ал 16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында бийликтен кетиши тууралуу билдирүү жасады.

XS
SM
MD
LG