Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Осмонов: Парламент Сооронбай Жээнбековду чакырып, сөзүн угушу керек


Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмоновдун пикиринде, Жогорку Кеңеш 16-октябрдагы жыйынына Сооронбай Жээнбековду чакырып, анын пикирин угушу керек. Коомдук ишмер бул тууралуу 15-октябрда «Азаттык» менен болгон маегинде айтты.

«Процедура боюнча Жогорку Кеңеш Жээнбековдун отставкасын кабыл алышы керек. Парламент жыйынына президентти чакырып, ал канчалык чын ыкласынан, өз каалоосу менен кетип жатканын сураш керек. Парламент анын отставкасын кабыл албай коёт деген жобо жок», - деди Осмонов.

15-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстанда президент кызматтан кеткенин, парламент төрагасы мамлекет башчынын милдетин аткаруудан баш тартканы тууралуу арыз жазып бергенин жарыялады. Жапаров президенттин милдетин аткаруу ага жүктөлгөнүн Өкмөт Үйүнүн алдында чогулган тарапташтарына жарыялады.

15-октябрда президентке караштуу president.kg сайты Сооронбай Жээнбековдун кыргызстандыктарга кайрылуусун жарыялаган. Анда Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

Жогорку Кеңештин 14-октябрдагы чукул жыйынында Садыр Жапаров Кыргызстандын өкмөт башчылыгына бир добуштан шайланып, өкмөттүн сунушталган курамы жана түзүмү жактырылды.

13-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда кворум болуп, Канатбек Исаев спикерликке 78 добуш менен шайланган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган.

XS
SM
MD
LG