Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:18

Жогорку Кеңеш өкмөт маселесин кароого киришти


Жогорку Кеңештин жыйыны «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.
Жогорку Кеңештин жыйыны «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында чогулуп, өкмөт маселесин карап жатышат. Алгач парламенттин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин, өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекитти.

Бул чечимин коалиция парламенттин жалпы жыйынына сунуш кылды.

Парламент төрагасы Канатбек Исаев жыйынга 83 депутат катышып жатканын, дагы сегизи ишеним кат жазып бергенин маалымдады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө 5-октябрдан тартып нааразылык иш-чаралары башталып, саясий кризис курчуган. Парламенттин детутаттар тобу 6-октябрга караган түнү абактан бошонуп чыккан мурдагы депутат Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка тандаганын эки жолку чукул жыйынында жарыялаган. Бирок отурумда кворумга жетишилбеген шартта кабыл алынган бул чечимдер оппозициянын, президенттин жана айрым депутаттардын арасында күмөн жараткан.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш өкмөт башчылыкка талапкер Садыр Жапаров боюнча маселени ыкчам карап, бул жүрүмгө мыйзам чегинде чекит коёт деп ишенерин 14-октябрда билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG