Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Казакстандын президенти Кыргызстан конституциялык нукка түшкөнүн колдойт


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында. 27-ноябрь, 2019-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында. 27-ноябрь, 2019-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандагы соңку окуяларга байланыштуу пикирин билдирди. Ал «Твиттердеги» баракчасына Кыргызстандын акырындык менен конституциялык алкакка кайтышын колдоп жазган.

«Боордош кыргыз элиндеги кырдаалдын акырындык менен конституциялык нукка түшкөнү кубандырат. Биз бардык саясий күчтөрдү карама-каршылык башталгандан тартып сабырдуу болууга чакырып келдик. Президент Сооронбай Жээнбеков легитимдүү мамлекет башчысы болуп саналат, ошондуктан өлкөдөгү чыр-чатакты токтотуудагы жана абалды жөнгө салуудагы анын аракеттерин колдойм. Туруктуу Кыргызстан - стратегиялык өнөктөш жана союздаш катары Казакстан үчүн маанилүү», деп айтылат билдирүүдө.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын, УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.

5-6-октябрдагы окуялардан бери өлкөнү мыйзам талаасына кайтаруу боюнча орток пикир табылбай, саясий кризис келип чыкты. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуу бийлик калыбына келгенден кийин кызматтан кетерин билдирген.

13-октябрда легитимдүү орган болуп саналган Жогорку Кеңештин депутаттары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, парламент төрагалыгына Канатбек Исаевди шайлашты.

Буга чейин Кыргызстандагы окуяларды жөнгө салууга чакырып Борбор Азиядагы төрт өлкөнүн: Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын лидерлери биргелешкен билдирүү таратышкан.

XS
SM
MD
LG