Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:43

Исаев президенттин мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетишине каршы


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасы Канатбек Исаев президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетишин колдобойт. Бул тууралуу Исаев парламенттин кезексиз жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда өкмөт башчынын шайланышы боюнча мыйзамдык маселелер жаралууда.

«Ушундай учурда президент кетсе Жогорку Кеңештин төрагасы анын милдетин кантип аткарат? Биздин мөөнөтүбүз бүтүп баратат. Ошол себептен биз консенсуска барып президенттен суранышыбыз керек. Туруктуулук, укуктук алкакка кайтуу өкмөттү түзүү гана эмес, бул - шайлоону өткөрүү, мыйзамдарды толук иштетүү, укук коргоо органдарын калыбына келтирүү. Ошондуктан туруктуулук орногон соң балким президент бул маселеге кайтып келер», - деди Исаев.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.

5-6-октябрдагы окуялардан бери өлкөнү мыйзам алкагына кайтаруу боюнча орток пикир табылбай, саясий кризис келип чыкты. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуу бийлик калыбына келгенден кийин кызматтан кетерин билдирген.

10-октябрда легитимдүү орган болуп саналган Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекиткени кабарланган. Бир катар депутаттар, саясатчылар бул жыйындын чечимдери легитимсиз деп, парламенттик жыйынды кайра чакыруу боюнча демилге көтөрүп жатышат.

Сооронбай Жээнбеков бул добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча парламенттин токтомун кайра кайтарып берери белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG