Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Жанарбек Акаев: Шайлоо босогосун 3% чейин түшүрүү - кырдаалдан чыгуунун бир жолу


Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты.
Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев шайлоо босогосун 3% түшүрүү бүгүнкү кырдаалдан чыгуунун бир жолу деп эсептейт. Бул тууралуу депутат бүгүн, 13-октябрдагы парламенттин кезексиз жыйынында билдирди:

«Шайлоо босогосун 5-3% түшүрүү тууралуу мыйзам долбоорлору коомдук талкуудан өткөн. Эртең чогулуп туруп, ошол мыйзамды кабыл алалы. Анткени, бүгүн кырдаалдан чыгуунун бир жолу - ошол. Шайлоо күрөөсүн да бир миллион сомго түшүрүүнү карайлы».

Жанарбек Акаев жаңы шайланган төрага Канатбек Исаевден өкмөт, президент менен сүйлөшүп, ИИМ, УКМК менен чогуу кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөштү баштоого чакырды. Депутат «массалык башаламандык үчүн» камоону токтотууну да талап кылды.

Бул сунуштарды дагы бир депутат Дастан Бекешев да колдой турганын билдирди.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 13-октябрь күнү үчүнчү жолу кезексиз жыйынга чогулду. 6-октябрдагы жана 10-октябрдагы жыйындардан айырмаланып, бул күнкү отурумда кворум бар деп жарыяланды.

Отурумда парламент президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыгын колдоду.

Мындан тышкары депутаттар 13-октябрдагы отурумда спикерликтен кеткен Дастан Жумабековдун ордуна «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаевди шайлашты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG