Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:20

Строкова: Мен Жапаровду колдоп добуш берген жокмун


Евгения Строкова
Евгения Строкова

Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова 10-октябрда "Ала Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн парламенттин кезексиз жыйынында Садыр Жапаровдун талапкерлиги үчүн добуш берген эмес. Бул тууралуу депутат “Азаттык” менен болгон маегинде билдирди. Анын айтымында, бул жыйынга президент Сооронбай Жээнбековду колдоо үчүн катышкан.

“Мен президент отставкага кетпесин деген позициямды билдирүү үчүн баргам. Садыр Жапаровдун талапкерлиги үчүн маселе каралган учурда колумду көтөргөн эмесмин, колдобой да, каршы да болбой, калыс болгом. 6-октябрдагы жыйында мен чынында эле колдогом. Ал учурда президент калсын деген убадалар болуп, консенсус бар болчу. Бирок убакыттын өтүшү менен ишемби күнү башкача сөздөр айтыла баштады. Мени бул кырдаал тынчсыздандырды”- деди эл өкүлү.

Строкова Жогорку Кеңештин депутаттары дагы бир жолу толук курам менен жыйынга чогулушу керек деген пикирде. “Парламенттин көпчүлүк депутаттары чогулушу керек. Ишеним каттардын кереги жок. Коркоктук кылбай чогулуп, акыркы кырдаал боюнча чечим кабыл алыш керек”-деп кошумчалады депутат.

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган тизменин көчүрмөсүнө караганда, кезексиз жыйынга 54 депутат катышкан, 10 депутат ишеним кат берген. Алардын айрымдары ишеним катты өзү мүчө болбогон фракциянын депутаттарына беришкени билинди.

Ошол эле мезгилде кезексиз жыйын өткөрүүдө 61 депутат катышып, ишеним кат добуш берүүдө гана саналышы керек деп эсептеген башка депутаттар, юристтер процедура бузулганын айтып, кезексиз жыйынды легитимсиз деп жатышат. Вице-спикер Аида Касымалиева жыйындан чыгып кетсе да, тизмеге кирип калганын айтып чыкты.

Садыр Жапаров 10-октябрда кезексиз жыйындан кийин уюштурган маалымат жыйынында ишке расмий киришкенин жарыялаган. "Мекенчил" партиясынын мүчөсү Мелис Аспеков "Кворум болду деп Мыктыбек Абдылдаев өзү айтты. Ишеним кат менен кошо 63 киши болду" деп "Азаттыкка" билдирди.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин саясий кризис өкүм сүрүүдө.

XS
SM
MD
LG