Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Тажикстан: шайлоочулардын 70 пайызы добуш берди


Куляб шаарындагы добуш берүү, 11-октябрь 2020-жыл.
Куляб шаарындагы добуш берүү, 11-октябрь 2020-жыл.

Тажикстандагы президенттик шайлоодо жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00гө карата шайлоочулардын 70,7 пайызы добуш берди. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Мыйзамга ылайык, тизмедеги шайлоочулардын 50 пайыздан көбү добуш бергенде шайлоо өттү деп эсептелет.

Бийлик добушканалардын жанында концерттерди уюштуруп, бекер тамак таратып жатат. Байкоочулар айрым аймактарда шайлоочуларды автобус менен ташып келип жатышканын билдиришти.

Тажикстандагы бул шайлоого 68 жаштагы президент Эмомали Рахмондон тышкары, бийликчил партиялардан чыккан, коомчулукка көп деле белгисиз төрт талапкер ат салышууда. Өзүн оппозиция катары тааныштырган Социал-демократиялык партия бул шайлоону бойкоттоду.

Рахмон 1992-жылдан берки төрт президенттик шайлоонун баарын утуп чыккан. Бирок Батыш өлкөлөрү бул шайлоонун бирөөнү да "эркин жана ачык-айкын" деп тааныган эмес.

Тажикстан Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, өлкөдө 4 900 545 адам добуш бере алат. Алардын бир бөлүгү Орусияда жана Казакстанда миграцияда жүрөт. Тажикстандын өзүндө 3 375, чет өлкөлөрдө 39 шайлоо тилкеси уюштурулган.

XS
SM
MD
LG