Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

Пакистанда эки аскер окко учту


Пакистандын түштүк аймагындагы мечит
Пакистандын түштүк аймагындагы мечит

Пакистандын бийлиги Түштүк Вазиристан аймагында болгон кагылышуудан эки аскер окко учканын маалымдады. Согушкерлер 10-октябрда Мана Мандра аттуу жерде аскерлерге кол салышкан.

Төрт аскер жаракат алганы маалым болду. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча бир да куралдуу топ өзүнө ала элек.

Бирок буга чейин Пакистандагы талибдердин “Техрике Талибан Пакистан” аттуу тыюу салынган куралдуу тобу бул аймакта чабуул койгон. Вазиристанда талибдердин чабуулу улам-улам кайталанып турат.

XS
SM
MD
LG