Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулууда (видео)


"Ала-Арча" резиденциясындагы жыйындар залы. 2020-жылдын 10-октябры.
"Ала-Арча" резиденциясындагы жыйындар залы. 2020-жылдын 10-октябры.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ушу тапта алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны башталууда.

"Азаттыктын" кабарчылары жеринен маалымдагандай, күн тартибинде үч маселе бар: Бишкекке өзгөчө абал киргизүү, жаңы депутаттын ант берүүсү жана премьер-министрлик кызматка талапкер.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда бул жараяндын жыйынтыгына нааразылардын митингинен соң саясий абал курчуп турат. 6-октябрдагы митингден кийин президенттин кеңсеси жана парламент жайгашкан имараттын ичи талкаланган. Премьер-министр Кубатбек Боронов 9-октябрда президенттин жарлыгы менен отставкага кеткен. Ушул эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өзгөчө абал жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

6-октябрда "Достук" мейманканасында депутаттардын жыйыны өтүп, анда саясатчы Садыр Жапаров премьерликке сунушталганы кабарланган. Бирок бул жыйындын мыйзамдуулугунан шек саноо пайда болгон. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG