Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:00

Президенттик аппарат: Бишкек шаарына Өзгөчө абал 9-октябрдан тартып киргизилди


Ала-Тоо аянтындагы митинг. 9-октябрь, 2020-жыл.
Ала-Тоо аянтындагы митинг. 9-октябрь, 2020-жыл.

Бишкек шаарынын аймагына Өзгөчө абал режими 9-октябрь күнү, саат 20:00дөн тартып киргизилгенин президенттик аппарат маалымдады. Маалыматта:

«Өзгөчө абал тууралуу» конституциялык мыйзамдын 4-беренесине ылайык, Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо же конституциялык кызыкчылыгын коргоо максатында чукул чараларды кодонуусуз жоюуга мүмкүн болбогон кризистик кырдаал (зордук-зомбулук менен коштолуп, адамдардын өмүрүнө коркунуч туудуруучу куралдуу көтөрүлүш, улут аралык чыр-чатактар, массалык башаламандыктар) жаралган учурда президент өзгөчө абал киргизүү мүмкүнчүлүгү туурасында алдын ала эскертип, айрым жерлерде алдын-ала жарыялоосуз эле киргизиле тургандыгын Жогорку Кеңешке токтоосуз билдирет. Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилгенге чейин эле жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет”, - деп жазылган.

Маалыматта ошондой эле «Өзгөчө абал жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 9-беренеси боюнча, Жогорку Кеңеш президенттин айрым аймактарда өзгөчө абал киргизүү же аны алып салуу тууралуу жарлыгын токтом менен бекитери маалымдалган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына 9-октябрдан тартып өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкты жума күнү чыгарган. Ага ылайык, саат 20:00-8:00 аралыгына чейин коменданттык саат болуп, мындай режим 21-октябрга чейин созулат. Кырдаалга милиция менен кошо аскерлер көзөмөл кылат. Бишкек шаарында атайын комендантура түзүлүп, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев комендант болуп дайындалды. Өзгөчө абал учурунда борбор калаанын аймагында спорт, оюн-зоок, митинг, жүрүш жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бишкекке башка аймактан келип, коомдук тартипти бузган жарандар, чет өлкөлүктөр борбор калаадан чыгарылат.

Жарлыкка ылайык, Өзгөчө абал учурунда ишкана, мекемелердин иш тартибине өзгөчө режимге ылайыктуу өзгөртүүлөр киргизилет. Автоунаалардын жүрүшүнө чектөө салынат. Эл көп чогулган жерлерде жарандардын документтери текшерилиши керек.

Бүгүн, 10-октябрь күнү да Өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаровдун тарапкерлери чогултуп, аны колдоо митингин улантышууда.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада коррупция үчүн айыпталып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдарды, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду жактоочулары барып камактан чыгарышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды парламенттик шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Андан бери президент элге беш ирет кайрылды, бирок элдин алдына чыга элек.

Бул окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Учурда мыйзам алкагына кайтып келүү максатындагы аракеттер жыйынтык бере элек. Өлкө 6-октябрдан бери саясий кризисте. (ZKo)

XS
SM
MD
LG