Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:46

Вице-спикер Касымалиева көпчүлүк коалицияны премьерликке жаңы талапкер көрсөтүүгө чакырды


Бишкектин борбордук аянтына чогулгандар, 09.10.2020
Бишкектин борбордук аянтына чогулгандар, 09.10.2020

Жогорку Кеңештин вице-спикери, КСДП фракциясынан депутат, "Биримдик" партиясынан депутаттыкка талапкер Аида Касымалиева парламенттеги көпчүлүк коалициянын мүчөлөрүн премьер-министрлик кызматка жаңы талапкер көрсөтүүгө чакырды. Бул тууралуу ал "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Анда Касымалиева үч күн мурун Садыр Жапаровду колдогон депутаттарды башка талапкерди колдоого үндөдү. Башка талапкердин атын атаган жок.

"Садыр Жапаров өлкөдөгү парламентке кирген жана анын сыртындагы ар кыл күчтөрдүн башын кошкон, бийлик менен оппозициянын ортосунда көпүрө болуп, жаңы парламенттик шайлоону тынч өткөрүүгө шарт түзүүгө салым кошкон адам болот деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, акыркы бир нече күндөгү окуялар анын жеке сапатын эске албаганда, коомдун көпчүлүк бөлүгү аны кабыл алуудан баш тартарын көрсөттү жана жалпы өлкөнүн башын бириктиргендин ордуна тескерисинче ажырым менен пикир келишпестикти күчөтчүдөй кырдаал жаралды. Элдик ишенимдеги өкмөттүн ордуна кыжырданууга ээ болобуз жана анын премьер-министр болуп шайланышы коомдогу мындан аркы толкундоолорго себеп болот. Биз мындай кооптуу кадамга бара албайбыз" - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин 10-октябрда "Ала-Арча" резиденциясында парламенттин кезексиз жыйыны өтөрү белгилүү болгон. Анда өлкөдө өзгөчө абал жарыялоо жана жаңы премьер-министрдин талапкери каралары айтылган.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон соң жаралган кризис тереңдеп баратат. 5-октябрда шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрүнүн митинги башаламандык менен аяктап, президенттик администрация жана башка мамлекеттик органдардын имараттарын ээлеп алышкан. Өлкөдөгү легитимдүү бийлик органы болуп саналган парламент жаңы өкмөттү түзүш үчүн чогула албай жаткан. 9-октябрга караган түнү Сооронбай Жээнбеков өлкөдө абал турукташып, мыйзамдуу бийлик органдары куралган соң кызматын тапшырууга даяр экенин билдирген. Ошол эле күнү Кубатбек Боронов баштаган өкмөт отставкага кеткени жарыяланган.

6-октябрда Жогорку Кеңештин бир канча депутаты чогулуп, парламент төрагалыгына Мыктыбек Абдылдаев жана премьер-министрликке талапкер катары толкундоолордон соң абактан чыккан Садыр Жапаровдун көрсөтүлгөнүн кабарлаган. Бирок бир катар депутаттар бул жыйын кворум жок өткөнүн жана чечимдери легитимсиз экенин айтышкан.

Бир күн мурда вице-спикер Касымалиева өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын журналисттерге билдирген.

9-октябрда "Республика", "Ата Мекен", "Бир бол" жана "Реформа" партиялары "Акыркы Үмүт" деген коалицияга биригип, Өмүрбек Бабановду премьерликке көрсөткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG