Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:37

Ала-Тоо аянтындагы кагылышта беш киши жараат алды


Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы карама-каршылык, 9-октябрь 2020-жыл.
Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы карама-каршылык, 9-октябрь 2020-жыл.

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы кагылышууда беш киши жараат алып, Улуттук госпиталга жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 9-октябрдын кечинде билдирди. Жараат алгандардын арасында саясий активист Тилек Токтогазиев да бар. Расмий маалыматта ооруканага түшкөндөр эмнеден жаракат алганы так айтылган эмес.

Бишкек милициясы аянттагы башаламандык маалында белгисиз адамдар чогулгандарга таш ыргытканын, ок атуучу курал колдонушканын, эки кишиге куралдан ок тийгени тууралуу алдын ала маалымат бар экенин кабарлады. Ошондой эле аянттагы кагылышуу боюнча Кылмыш кодексинин “Массалык башаламандык” (264-берене) беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертиза дайындалганын белгиледи.

9-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, мурдагы премьер Өмүрбек Бабановдун жана жаш активисттердин митингги кагылышуу менен коштолуп, үзгүлтүккө учурады. Жогорку Кеңештин бир бөлүгү премьер-министрликке көрсөткөн Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов Ала-Тоо аянтындагы жаңжалга, кол салууларга Жапаровду колдогон митингчилердин тиешеси жок, бул жөн гана чагымчылдык деп билдирди.

XS
SM
MD
LG