Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:04

Алмазбек Атамбаевдин машинесине ок атылганын тарапкери билдирди


Ала-Тоо аянтындагы митинг. Бишкек шаары. 9-октябрь, 2020-жыл.
Ала-Тоо аянтындагы митинг. Бишкек шаары. 9-октябрь, 2020-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин автоунаасына бүгүн, 9-октябрда ок атылганы тууралуу маалыматты КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева «Фейсбуктагы» баракчасында жазды. Анда Алмазбек Атамбаевдин автоунаасына ок тийгени талкууланып жаткан видеотасма да тараган. Тасмада мурдагы президент машинесине «кадимки согуштук октор тийгенин» айтып жатканын көрүүгө болот.

Бүгүн, 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги үзгүлтүккө учураган соң ок атылды. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо белгисиз адамдар автоунаалардын бирин атып жатканын көрүүгө болот.

Ок атылганын окуяны чагылдырып жүргөн «Азаттыктын» кабарчылары да ырасташты.

Орусиянын «Интерфакс» агенттиги аянттагы күбөлөргө таянып, белгисиз адамдар Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев отурган автоунааны аткылаганын жазган.

Бүгүн Атамбаевдин тарапкерлери алгач «Форум» имаратына чогулушкан. Аларга Бабанов тарапкерлери менен келип кошулуп, митингчилер Ала-Тоо аянтына келишкен. Аларга «Республика» партиясынын тарапкерлери жана Бишкектеги башкы темир жол вокзалынын жанындагы уюшкан кылмыштуу топторго каршы акцияга чыккан жаш активисттер келип кошулган.

Аянттан анча алыс эмес Өкмөт Үйүнүн алдында Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү премьер-министрликке көрсөткөн Садыр Жапаровдун жактоочулары митинг өткөрүп жатышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG