Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Суваналиев: Күч кызматтарын координациялоону улантып жатабыз


Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Суваналиев учурда Кыргызстандагы жалгыз легитимдүү бийлик катары күч кызматтарын координациялоону уланып жатканын «Азаттыкка» билдирди. Анын сөзүнө караганда, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кырдаал оорлошкон 6-7-8-октябрь күндөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында иш жүргүзгөн.

«Бүгүн ал жактан чыгып, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын имаратына кайтып келдик, - деди ал. - Эми иш бул жактан уланат. УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаевдин кайда экени белгисиз болуп жаткандыктан, мыйзамдуу түрдө анын ишин улантууну биринчи орун басары Талант Салиевге өткөрүп бердик. УКМК мындан ары ишин саясаттан тышкары жүргүзөт. Биз болсо Коопсуздук кеңешинин катчылыгы катары күч кызматтарын координациялоону улантабыз».

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Өмүрбек Суваналиевди УКМКнын кызматкерлери сүрүп чыгарып салгандыгы тууралуу маалымат тараткан. Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин жетекчисинин милдетин аткарып, бардык күч түзүмдөрүн координациялап жаткандыгы мурда кабарланган.

УКМКнын маалымат кызматы тараткан кабарга караганда бүгүн, 9-октябрда мекеменин имаратында Коопсуздук кеңешинин катчысынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Өмүрбек Суваналиевдин катышуусунда коопсуздук кызматынын жетекчилигинин, кызматкерлеринин жыйыны өттү. Анда УКМКнын жетекчилиги, кызматкерлери жана ардагерлери өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасашты. Кайрылууда УКМК жана башка күч кызматтары саясаттан тышкары болушу зарылдыгы тууралуу айтылып, өлкөнүн коопсуздук кызматы түрдүү саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы үчүн иштебей турганы белгиленген.

Кайрылууда ошондой эле: «УКМК айрым топтордун саясий куралына да айланбашы керек. Башкы максат - Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү үчүн кызмат кылуу. УКМКнын талкаланган имаратын калыбына келтирип, өлкөдө тартипти калыбына келүүгө күч да, каражат да жетишет», деп жазылган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон.

Бул окуяларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган. Өлкөдө азыр коомдук-саясий кризис өкүм сүрүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG