Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Адабият боюнча Нобел сыйлыгы акын Луиза Глюкка ыйгарылды


Луиза Глюк.
Луиза Глюк.

Адабият боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты болуп америкалык акын Луиза Глюк табылды. Бул тууралуу Швед академиясы бейшембиде жарыялады. 77 жаштагы Глюк Нью-Йоркта туулуп өскөн. Учурда Йел университетинин англис тили боюнча профессору. Ал 1968-жылы «Туң бала» аттуу ырлар жыйнагы менен атактуу болгон. Ал ырлардан жана эсселерден турган 12 китеп чыгарган. Алардын бири үчүн Пулитцер сыйлыгына татыктуу болгон.

Нобел сыйлыгын 2018-жылы Ольга Токарчук, 2019-жылы Петер Хандке аттуу жазуучулар алышкан. Адабият боюнча Нобел сыйлыгы 1901-жылдан бери тапшырылып келатат. Бул убакыт аралыгында 900дөн ашык адам сыйлыкка татыктуу болгон.

Нобел сыйлыгынын сый акысы быйыл 10 миллион швед кронун же бир миллион долларды түздү.

XS
SM
MD
LG