Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Журналист Рыскулбековго карата опуза билдирүүлөр түшүп жатат


Эркин Рыскулбеков.
Эркин Рыскулбеков.

Жарандык активист, журналист Эркин Рыскулбековду коркуткандар болуп жатат. Бул тууралуу Рыскулбеков «Твиттердеги» баракчасына жазып, белгисиз адамдар жөнөткөн аудио билдирүүнү жарыялады. Анда белгисиз неме Рыскулбековду орой түрдө тилдеп, «саясатка эмнеге аралашасың, айткан сөздөрүң үчүн жок болосуң» деп билдирген.

Эркин Рыскулбеков бул опузаны «Азаттыктын» эфириндеги билдирүүсүнө байланыштырууда.

Ал 7-октябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө «Достук» мейманканасында депутаттардын жыйыны боюнча пикирин айткан.

«Сырттагы эл «импичмент» деп кыйкырып атканда, Садыр Жапаров чыгып алып, «биз кечке эле президентти алмаштыра беребизби, президент иштей берсин» деп айтты. Демек, ал Жээнбековдордун жана Матраимовдордун кланы менен сүйлөшүп алган», - деген эле.

Азырынча Эркин Рыскулбековду коркутуу боюнча ИИМ комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG