Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Абдылдаев депутаттар Матраимов менен Жээнбеков Садыр Жапаровду колдоп ишеним кат бергенин ырастады


КСДП фракциясынын депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков жана Искендер Матраимов.
КСДП фракциясынын депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков жана Искендер Матраимов.

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү төрага катары жарыялаган Мыктыбек Абдылдаев КСДП фракциясынын депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Искендер Матраимов Садыр Жапаровду премьер-министрликке колдоо үчүн ишеним кат беришкенин ырастады. Бул тууралуу бүгүн Абдылдаев Бишкекте өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын жыйынында Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып бышыктаган.

Сурабалдиева «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган видеосунда ал «Садыр Жапаровду премьер-министрликке колдоо боюнча Асылбек Жээнбеков, Искендер Матраимов жана Төрөбай Зулпукаров ишеним кат бергени чынбы? Ошол кат сизде барбы?»- деген суроосуна Абдылдаев «Ооба, менде бар», - деп жооп бергенин көрүүгө болот. Бул маалыматты жыйынга катышкан бир нече депутат «Азаттыкка» ырастады.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө депутаттардын бири «Талант Мамытов менен Өмүрбек Бакиров бир катар эл өкүлдөрүн «Садыр Жапаровду колдобосоңор үйүңөргө барабыз» деп коркутуп жатат», - деп айтты.

"Азаттык" аты аталган депутаттар менен байланышууга аракет кылып жатат, бирок азырынча андан майнап чыга элек.

Учурда депутаттар парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу жана президентке импичмент жарыялоо маселесин кеңешип жатышат.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон соң саясий кризис жаралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө талап менен башталган митингдер башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация ээлеп алышкан. Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбековдун Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек.

Андан бери өлкөнү мыйзамдык талаага кайтаруу үчүн Жогорку Кеңештин чукул жыйынын өткөрүү зарыл экени айтылган. 6-октябрда Бишкектеги «Достук» мейманканасында бир нече депутат жыйынга чогулуп, парламент төрагасын алмаштырып, премьер-министрликке жаңы талапкер көрсөткөнүн жарыялаган. Бирок бир катар депутаттар бул чечимдер легитимсиз экенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG